Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Таиланддагы жардырууларга шектүү эки адам кармалды


Хуахин шаарынын тургундары жарылуудан кийин
Хуахин шаарынын тургундары жарылуудан кийин

Таиланддын Хуахин шаарындагы жардырууга тиешеси бар деген шек менен эки адам кармалды. Бирок азырынча бул өлкөдөгү соңку чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.

Жардыруулардан мерт болгон адамдардын саны төрткө жетти, он чактысы жараат алды. Арасында чет элдиктер да бар.

Бейшембинин кечинде жана бүгүн эртең менен Таиланддын бир нече курорттук шаарында жардыруулар болду.

Жергиликтүү бийлик мунун баары атайын пландалган чабуул экенин айтууда, бирок исламчыл экстремисттердин тиешеси бар деген версияны четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG