Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Рио-2016: дзюдочу Краковецкий жооткотуучу беттешке чыгат


Юрий Краковецкий.
Юрий Краковецкий.

Ушул күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий 100 килограммга чейинки салмактагылар арасында чейрек финалда өзбекстандык Абдулло Тангриев менен беттеште жеңилүү ызасын тартты.

Бүгүн, 12-августта болгон таймаш бир мүнөт 56 секундга созулуп, натыйжада 2008-жылдагы Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дзюдо боюнча абсолюттук салмакта дүйнө чемпиону Тангриев таза жеңишти камсыздаган.

Буга чейин Краковецкий эки беттеш өткөргөн. Алгачкы беттешинде германиялык Андре Брейтбархты таза иппон менен жеңип алды. Жарым чейрек финалда украиналык Йаков Хаммону утулууга туш кылган эле.

Тангриевге утуулуу менен Краковецкий финалга чыга албай калганы менен жооткотуучу беттешке чыгып, жеңишке жетсе коло үчүн таймашат.

Жооткотуучу беттештин биринчи раундунда кубалык Гарсия Мендоза менен күч сынашат.

Дзюдо боюнча 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Олимп оюндарынын жарым финалдык жана жооткотуучу беттештери Бишкек убактысы боюнча 13-августка караган түнү саат 00:30да башталат.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спорчту аттанган.

Бүгүн кыргызстандык спортчулардан жеңил атлетчи Дарья Маслова 10 миң метрге жарышууда жалпы 37 катышуучунун арасынан 31 мүнөт 36.9 секунд көрсөткүч менен 19-орунду камсыздады. (ECh)

XS
SM
MD
LG