Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

Рио-2016: дзюдочу Краковецкий мелдештерин байгесиз жыйынтыктады


Юрий Краковецкий.
Юрий Краковецкий.

Ушул күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу беттеште кубалык Алекс Гарсия Мендоза менен күч сынашып жеңилип калды. 100 килограммдан жогорку салмактагылардын беттеши 13-августка караган түнү болду. Таймаштын жүрүшүндө калыстар Краковецкийге алгачкы эскертүүнү (шидо) беришкен. Үч мүнөт 26 секундга созулган беттеште кубалык дзюдочу атаандашын таза иппон менен жыгып, жеңишти алып кетти. Ал коло байге үчүн күч сынашууда израилдик Ор Сассонго утулуп калды. Кыргызстандык дзюдочу болсо 7-орунду ээлеп, мелдештерин жыйынтыктады.
Жооткотуучу беттешке чейин Краковецкий үч беттеш өткөрдү. Алгачкы беттешинде германиялык Андре Брейтбархты таза иппон менен жеңип, жарым чейрек финалда украиналык Йаков Хаммону утулууга туш кылды. Тилекке каршы чейрек финалда өзбекстандык Абдулло Тангриев менен беттеште жеңилүү ызасын тартты.
Бир мүнөт 56 секундга созулган таймашта 2008-жылдагы Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дзюдо боюнча абсолюттук салмакта дүйнө чемпиону Тангриев таза жеңишти камсыздаган.
Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спорчту аттанган.
12-август күнү кыргызстандык спортчулардан жеңил атлетчи Дарья Маслова 10 миң метрге жарышууда жалпы 37 катышуучунун арасынан 31 мүнөт 36.9 секунд көрсөткүч менен марага келип, 19-орунду камсыздады. Ага чейин алты спортчунун таймаштары аяктаган. Алардын арасынан оор атлетчи Иззат Артыков коло медалды тагынып, Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. (ECh)

XS
SM
MD
LG