Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Ошто тартип сакчыларына көп кабаттуу үй курула баштады


Ош шаарында күч органдарында иштегендер үчүн 12 кабаттуу, 220 батирлүү үй курула баштады. Ага республикалык бюджеттен 302 миллион сом бөлүнгөн. Бүгүн, 13-августта имараттын алгачкы пайдубалын куруу иштери башталды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министринин биринчи орунбасары Сүйүн Өмүрзаков жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Үй 2017-жыл күздө бүтүп, алдыңкы кызматкерлерге берилерин шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG