Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:48

Аба ырайы: чукул билдирүү


Жайлоо
Жайлоо

Кыргызстан аймагында 15-17-августта нөшөр жаан болуп, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

14-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус болот.

Бишкек шаарында түндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түнкүсүн +18…+20, +31…+33 градус болот.

XS
SM
MD
LG