Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Сириянын Манбиж шаары жоочулардан бошотулду


Манбиж, Сирия
Манбиж, Сирия

Сириянын Манбиж шаарында согушкерлердин колунда барымтада турган жайкын тургундар бошотулду.

Жума күнү кечинде оппозиция күчтөрү мурда “Ислам мамлекети” радикал тобу колго алган шаарга көзөмөл орнотту. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Эл аралык коалиция өкүлү Шарфан Дервиш билдиргендей, жоочулардын колунда эки миңден ашуун карапайым адамдар болгон. Калаа четине согуштан качкан тургундар үчүн башпаанектөөчү лагер уюштурулду.

Операцияларга күрт жана араб топтору катышты. Аларды АКШ баштаган эл аралык коалиция абадан колдоду.

Манбиж шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 2014-жылы ээлеген.

XS
SM
MD
LG