Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Ооганстанда талиптер барымтага алган алты киши бошотулду


Талибандын аскерлери
Талибандын аскерлери

Пакистандан тик учакта баратып, Ооганстанда талиптердин колуна түшкөн алты киши бошотулду. Алардын бири Орусия жараны. Ал Исламабаддагы орус элчилигине өткөрүлөрүн расмий Москва кабарлады.

Барымтага алынгандарды бошотуу маселеси Ооганстан менен Пакистан чектешкен аймакта жүрдү.

Ми-17 үлгүсүндөгү тик учакты “Талибан” тобунун жоочулары 4-августта барымтага алышкан. Ичиндеги алты киши Ооганстан аркылуу Өзбекстанга өтүп, андан ары Орусияга жол алышмак.

“Талибан” ислам кыймылы 1994-жылы түзүлгөн. 1994-2001-жылдар аралыгында Ооганстанды көзөмөлдөп турган. АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан соң НАТО Ооганстанда аскерий операцияларды баштап, талиптердин мизин кайтарган. Азыр мамлекетте сегиз миңден ашуун америкалык аскерлер бар.

XS
SM
MD
LG