Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:56

АКШнын вице-президенти Жо Байден 24-августта Түркияга келерин түрк өкмөтүнүн башчысы Бинали Йылдырым бүгүн журналисттерге билдирди.

Байдендин сапары Анкара менен Батыш ортосунда талаш күч алган кезге туш келүүдө. Түркияда өткөн айда аскерий төңкөрүш аракети жасалгандан кийин он миңдеген адамдардын камалышын Батыш кескин айыптап чыккан.

Президент Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүш жасоонун артында азыр АКШда бозгунда жүргөн диний аалым Фетхуллах Гүлен турганын айткан. Бирок Вашингтон аны Анкарага берүүгө макул болбогонун сындаган жана Түркия менен АКШ кызматташтыгынын келечегине ишенбестигин белгилеген.

Гүлен төңкөрүш уюштурууга катышы жоктугун билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG