Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү адам кармалды


Москвада кыргызстандык жаранды жана армян тектүү бир тургунду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин башкармалыгынын өкүлү Александр Никитинге таянып, “РИА новости” кабарлады.

Күч органдарынын маалыматы боюнча, эки кишиге бычак сайган адамдын аты - жөнү - Иван Скоркин. Ал кылмыш жасаган учурда мас болгону айтылууда. Буга чейин бейбаштык кылганы үчүн эки ирет соттолгон.

12-августта Рязанская көчөсүндөгү дүкөнгө кирген 36 жаштагы кыргызстандык жаран жана дүкөн ээси бычакталган. Жергиликтүү маалымат булактары алар улутчул такырбаштардын колунан каза тапканын жазышкан.

Каза болгон кыргызстандык Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган жана сөөгү кечээ мекенине жиберилген.

XS
SM
MD
LG