Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Одессада ЛГБТ жүрүшүнө тоскоолдук кылгандар кармалды


Күнжелеге түспөлдөш желек ЛГБТ коомунун белгиси.
Күнжелеге түспөлдөш желек ЛГБТ коомунун белгиси.

Одесса шаарында 13-августта сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн жүрүшүнө каршылык көрсөткөн 18 киши кармалды. ЛГБТ акциясына 50дөн ашуун адам катышып, аларды полиция коргоп жүргөнүн “Азаттыктын” украин кызматынын өкүлү жеринен кабарлады.

Тең укуктуулукка чакырган акцияга каршы болгондор жүрүшкө чыккандардын тобун жарууга аракет жасап, аларды мазактаган сөздөрдү айтышты. Полиция бейбаштык кылгандар арасынан 18 кишини кармады. Акция катышуучулары полициянын коштоосунда коопсуз жерге кеткенге мажбур болушуп, бирок келерки жылы ири акция өткөрүшөрүн маалымдашты.

Мурда Одесса аймактык соту жергиликтүү депутаттардын арызынын негизинде “Одесса Прайд - 2016” деп аталган жүрүштү өткөрүүгө тыюу салган. Бирок активисттер кайра арыз жазып, акцияга уруксат алышкан.

XS
SM
MD
LG