Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:56

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстан аймагында 15-17-августта нөшөрлүү жаандан улам тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

15-августта түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32,

Талас жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...31,

Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градуска көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG