Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Нью-Йоркто имамдын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясы өттү


Нью-Йоркто имамдын өлтүрүлүшүнө нааразы болгон ондогон адамдар ишемби күнү кечинде мечит алдына топтолушту. BBC тараткан кабарга ылайык, алар коомдо мусулмандарды жек көрүү күчөгөндүктөн ушундай кылмыш жасалганын билдиришти.

13-августта калаанын Куинс районунда 65 жаштагы имамды жана анын жардамчысын мечиттин алдында атып кетишкен. Полиция муну уурулукка аракет кылган бейбаштар жасаган болушу мүмкүн экенин билдирип, кылмышкерлерди табууга убада берген.

New York Daily News гезити акцияга чыккандар АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты да күнөөлөшкөнүн жазып чыкты. Трамп шайлоо алдындагы жолугушууларында антиисламчыл көз карашын ачык айтып, мусулмандардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салууну сунуштаган. Анын бул пикири коомчулук арасында сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG