Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Рио-2016: Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөшөт


Арсен Эралиев.
Арсен Эралиев.

Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөшөт. 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 15-августка караган түнү жооткотуучу беттеште кытайлык Ван Люминди жеңип алды.

Беттештин биринчи айлампасында кыргызстандык балбан атаандашы партерде турган кезде катары менен оодарып, төрт упайга ээ болгон. Кийинки айлампада Кытай балбаны эки упайга ээ болгону менен артыкчылыктуу күч сынаша алган жок. Беттеш жыйынтыгында Арсен Эралиев 4:2 эсебинде жеңишке жетип коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Алдыда 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен күч сынашат. Байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15-августка караган түнү саат 2:00до башталат.

Арсен Эралиев 1/8 финалда Куба мамлекетинин балбаны, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, утулуп калган. Кубалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге коло байге үчүн таймашка жол ача турган жооткотуучу беттеште күчүн сыноого шарт түзүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG