Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Рио-2016: Бүгүн Кенжеев менен Рамонов беттешке чыгат


Жанарбек Кенжеев.
Жанарбек Кенжеев.

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов таймаштарга чыгат. Мелдеш Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат 7де башталат. Рамонов 130 килограммга чейинки, Кенжеев 85 килограммга чейинки салмактагылар менен беттешет.

Кечээ грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев мелдештерин байгесиз аяктады. 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 15-августка караган түнү коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп калды.

Ага чейин Арсен Эралиев 1/8 финалда кубалык балбан, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, жеңилген. Кубалык спортчу финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге жооткотуучу беттеште күчүн сыноого шарт түзүлүп, анда кытайлык Ван Люминди жеңип, 3-орун үчүн өзбекстандык спортчу менен таймашкан эле.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерин жыйынтыктады. Оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен кайтты. (NT)

XS
SM
MD
LG