Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:44

Немис жана орус тышкы иштер министрлери Сирия көйгөйүн талкуулайт


Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын Екатеринбург шаарында бүгүн өтө турган Орусия менен Германиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Сирия кризиси да козголот. Бул жолугушуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Орусияга болгон сапарынан кийин өтүп жатат. Өткөн жумада Эрдоган менен Путин Сирия маселесин талкуулаган.

Өткөн аптада немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Сириянын түндүгүндө жайгашкан Алеппо шаарына чукул гуманитардык жардам зарылдыгын айткан болчу. Ал гумжардамды уюштуруу иштерин АКШ, Орусия, жана Бириккен улуттар уюму менен буга чейин да талкуулап келгенин билдирген.

Орусия аба соккуларын күн сайын үч саатка токтотуп турууга макул болгонуна карабай, Алепподо кырдаал дале курч экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG