Райондун Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскарбек Давлетов менен аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Абдумиталип Кубанов токмоктолуп, райондук ооруканага түштү. Давлетовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар 12-август күнү Жалал-Абад шаарына райондор аралык сотто өтүүчү жараянга катышуу үчүн келишкен:
- Сот баштала электе Эркин Бегимкуловдун тарапташтары бизди эч себепсиз сабап салышты. Ошол жерде иштеген башка адамдар ажыратып калышты. Облустук ооруканага да артыбыздан түшүп жаткырбай коюшту, айласыз Аксыдагы бейтапканага келип жаттык.
Жабырлануучулар шаардык милицияга ошол эле күнү арыз жазышкан. Ал эми бүгүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдары бул маселени териштирип берүүнү өтүнүп, башкы прокурордун атына кайрылуу жолдошту.
Ал эми Эркин Бегимкулов "тескерисинче алар мага кол көтөрүштү" деп билдирип, бул боюнча милицияга жана ооруканага кайрылганын "Азаттыкка" билдирди.
Ал эми Жалал-Абад шаардык милициясынан Кашка-Суу айылынын жабырланган бийлик өкүлдөрү арыз менен кайрылганын ырасташты.
Кашка-Суу айыл өкмөтү Падыша-Ата мамлекеттик коругунун ичинде жайгашкан эс алуу жайын мыйзамсыз менчиктештирген деп, жеке ишкер Эркин Бегимкулов менен жети жылдан бери соттошуп келе жатат. Аталган корук өткөн айда ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. (RsK)