Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Чоочун паспорт менен чек арадан өтүүгө аракеттенген эки киши кармалды


Кыргыз паспорттору
Кыргыз паспорттору

14-август күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” көзөмөл бекетинен Кыргызстанга чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган 58 жаштагы казак аял кармалган. Ушул эле чек ара бекетинде кыргызстандык жаран, 40 жаштагы аял тууганынын паспорту менен чек арадан чыгууга аракеттенген учурда колго түшкөн. Ал Кыргызстандан чыгууга укугу жоктугунан улам ушул жолго барганы аныкталды.

Мамлекеттик Чек ара кызматынан маалымдашкандай, кармалгандар УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өткөн жылы чоочун документ менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 140 факт катталган. Быйылкы жарым жылда мындай фактылар 160тан ашканын мамлекеттик Чек ара кызматы маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG