Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Рио-2016: Балбан Арсен Эралиевге мамлекеттен бир миллион сом берилет


Арсен Эралиев
Арсен Эралиев

Ушул жылдын 1-февралындагы өкмөт башчынын буйругуна ылайык, спортчу Арсен Эралиев Рио-де-Жанейродогу олимпиадада 5-орунга жетишкени үчүн мамлекеттен бир миллион сом берилет.

Арсен Эралиев 14-август күнү грек-рим күрөшү боюнча коло медал үчүн күч сыноодо Өзбекстандык атаандашына утулуп калган.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерин жыйынтыктады. Оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен кайтты.

Мамлекет Рио-де-Жанейродо алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 миллион сом, коло медалга 3,5 миллион сом убада кылган. Ошону менен катар сегизинчи орунга чейин акчалай сыйлык каралган. Жогоруда айтылгандай, 5-орунга бир миллион сом, 8-орунду алып келген спортчуга 700 миң сом берилет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG