Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

ӨКМ: Ала-Арчада сууга аккан эки киши табыла элек


18-июлда Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен эки адамды издөө иштери натыйжа бере элек. Министрлик изделип жаткандар 35-40 жаштагы жарандар экенин кошумчалады.

ӨКМ куткаруу кызматынын маалыматы боюнча быйыл кишилердин сууга агып, чөгүп өлгөн учурлары көп катталууда.

Расмий маалыматтар боюнча быйылкы сегиз айда өлкө боюнча 85 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын ичинен 28и жаш балдар. Өткөн жылы республика боюнча 120 адам сууга чөгүп каза тапкан, анын 27си жашы жетелектер болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG