Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бир кызматкери жана Ленин райондук ИИБнын эки кызматкери кылмышка шектелип кармалган жаранды сабаган деп айыпталууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, булар 12-июль күнү Бишкектеги №1 тергөө абагынан каракчылык үчүн шектелип камалган жаранды алып чыгып, Ленин милициясына алып барышкан. Аны башка бир кылмыш ишин кылган деп мойнуна алдыруу үчүн сабаганы иликтөө иштеринин негизинде аныкталган. 13-июль күнү сабалган жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок милиция кызматкерлери аны жүргүзүүгө жолтоо болушуп, адистерге медициналык кароону жекече жүргүзүүгө каршылык кылышкан.
Буга байланыштуу башкы көзөмөл органы үч милиционерге Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу" жана "кыйноо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.
Укук коргоочулар милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор көбөйүп жатканын белгилеп келишет. (ZKo)