Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Атамбаев Чубак ажы баштаган аалымдарды кабыл алды


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-августта Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовду, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду жана “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. Мамлекет башчы өз сөзүндө Кыргызстандагы дин эркиндигин баалоого чакырып, диний тарбия берүүдөгү мүчүлүштүктөрдү чогуу жоюуну сунуштады. Президент кийинки убакта динге байланышкан талкуулар курч мүнөзгө өтө баштаганын белгилеп, бул үчүн экстремисттер менен радикалдарды айыптады. “Дүйнөдөгү акыркы тенденцияларды карап туруп, биз радикалдашууга чогуу каршы туруп, мамлекетибиздин светтик мүнөзүн карманууга милдеттүүбүз” деди Атамбаев.

Дин аалымдары өлкөдөгү дин эркиндигинен пайдаланган айрым күчтөр бул тармактагы кырдаалды курчутууга аракеттенип жатканын бир ооздон белгилешти. Чубак ажы Жалилов Кыргызстанда дин эркиндигине азыркыдай шарттар эзели түзүлбөгөнүн белгилеп, динге ишенгендер элдин биримдигин колдоого милдеттүү деп айтты.

Ислам илим менен мээримдин дини экенин белгилеген мамлекет башчы бүгүнкү күндө адилеттүү коом куруу мамлекеттин да, диндин да максаты экенин айтып кетти деп белгиленет президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. (ZKo)

XS
SM
MD
LG