Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Орусия менен Германиянын башкы дипломаттары Сирия, Украина маселесин талкуулады


Германия жана Орусия тышкы иштер министрлери. Екатеринбург, 15-август, 2016-жыл.
Германия жана Орусия тышкы иштер министрлери. Екатеринбург, 15-август, 2016-жыл.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Франк Вальтер- Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү бүгүн Екатеринбург шаарында өтүп, анда негизги көңүл Украина жана Сириядагы кырдаалга бурулду.

Эки министр сүйлөшүүлөрдөн кийин Москва да, Берлин да Украина боюнча Минск тынчтык жараянын колдой тургандыктарын дагы бир жолу ырасташты.

Лавровдун айтымында, Москва Киев Крымда “диверсия” даярдаганы боюнча “төгүндөөгө болбой турган далилдерди берүүгө даяр”, бирок бул окуялардан улам Украина менен дипломатиялык мамилесин үзүүгө барбайт.

Украин тарап болсо Орусия 2014-жылы анексиялап алган Крымда кандайдайдыр бир кол салууларды даярдоого катышы бардыгын четке кагууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн аптада Крымда украиналык “диверсанттарды” кармадык деп жарыялаган.

Немис тышкы иштер министри Франк Вальтер-Штайнмайер болсо Украинадагы кырдаалдын соңку апталарда чыңалуусун “кооптондурарлык” деп атап, Крымдагы инциденттерди иликтөөгө Орусияны да, Украинаны да чакырды.

Ал эми Сирия боюнча орус тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Башар Асадга каршы козголоңчул топторду кыска мөөнөттүү тынчтыкта өз күчтөрүн кайра топтоштуруу, гуманитардык коридорлорду жаңжал аймакка кошумча согушкерлерди жана курал-жарак алып келүү максатында колдонуп жатканы үчүн айыптады. (UE)

XS
SM
MD
LG