Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жалал-Абадда жаштардын бизнес-форуму өтүүдө


Шаарда бүгүн өтүп жаткан форумга Кыргызстандын бардык облусунан 70 жаш ишкер катышууда. Жаштар менен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө диалог аянтчасын түзүү максатын көздөгөн иш-чара эртең жыйынтыкталат.

Форумдун программасы жаш ишкерлердин арасында атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына негизделип түзүлгөн. Эртең катышуучулар Жалал-Абад шаарынын ийгиликтүү иштеп жаткан ишканаларына барып, топ-менеджерлери менен жолугушмакчы. Алар бизнес жүргүзүүнүн купуя сырлары, өздөрүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Жаштардын бизнес-форуму Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин демилгеси жана БУУнун, ЮНИСЕФтин “Жаштардын тынчтык жолу менен өнүгүүсү үчүн” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жаш ишкерлердин резолюциясы кабыл алынат. (RsK)

XS
SM
MD
LG