Расмий маалыматка караганда, бомбаланган унаа бүгүн өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Диярбакыр провинциясында, полиция имаратынын сыртында жарылды.
Андан эки полициячы, бир жаш баланын өмүрү кыйылды.
Расмий өкүлдөр жардыруу үчүн күрт согушкерлерин айыптаганы менен азырынча бул кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек.
Эл аралык Кризис тобу деген уюмдун эсебинде, Түркияда өкмөт менен тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу былтыр июлда кыйрагандан бери атышуулар менен жардыруулардан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин, жайкын тургундарды, күрт согушкерлерин кошкондо 1850дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Былтыр жайдан бери түрк коопсуздук күчтөрү аймакта коопсуздук операцияларын такай жүргүзүп келет. (UE)