Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Түркмөнстандын Түркмөнабат шаарында коменданттык саат киргизилди


Түркмөнабат шаарынын борбору.
Түркмөнабат шаарынын борбору.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында, өлкөнүн чыгышындагы бул шаарда соңку бир нече күндөн бери түнкү саат 11ден тарта коменданттык саат өкүм сүрүүдө.

Бийликтер мындай кадамдын себептери тууралуу эч кандай расмий түшүндүрмө беришкен жок.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчыларынын маалыматына караганда, Түркмөнабатта түнкү 11ден кийин жүргөндөр кармалып, абак жайларга алып барылууда.

Полиция алардын өздүгүн такташ үчүн туугандарынын келишин талап кылып жатат. Кармалгандар ошондой эле көчөдө эмне үчүн түнкүсүн жүргөнү боюнча түшүндүрмө бериши керек.

Түркмөнабат - Түркмөнстандын Ооганстан жана Өзбекстан менен чектешкен Лебап облусунун борбору. (UE)

XS
SM
MD
LG