Күз-кышка даярдык боюнча өкмөттүн селектордук жыйыны бүгүн Бишкектеги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өтөт. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Апрелдин этегинде өкмөт 2016-2017-жылдарга карата кышка даярдык планын бекиткен. Министрлик, мамлекеттик комитет, жергиликтүү бийликтерге, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмеси” ишканаларына электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, 1-июлга чейин бюджеттик мекемелер үчүн отун сатып алууга сынак өткөрүү, элдин жарык, жылуулук жана газга болгон карызын убагында төлөтүү тапшырмасы берилген. (NT)