Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 17-августка караган түнү Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунан Сауд Арабияга жөнөп кетишет. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, үч каттамга бөлүнгөн зыяратчылардын акыркы тобу Бишкектен 19-августта учат. Андан кийин 20-августтан 29-августка чейин Оштогу аэропорттон он бир каттам ишке ашырылат. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги койгон талапка ылайык, ушул тапта зыяратчылар үчүн 3 миңдей электрондук билерик жасалды. Ажылардын коопсуздугун камсыздоого багытталган билериктер зыяратчылар кокус адашып же чукул кырдаалга кабылып калган учурда керектелет:
-Акыркы топ жөнөгөнгө чейин зыяратчылардын баары электрондук билерик менен камсыз болот. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги 2016-жылы заяратчыларга HC100 принтеринде жасалган билерик тагуу зарылдыгын айткан. Муфтият аны Москвадан алдырып, электрондук билерик даярдалууда. Ага ажылыкты уюштуруу штабынын коду, ар бир зыяратчынын паспорт номуру, мамлекеттин код-белгиси жана 24 саат иштеген телефон номурлар жазылат.
Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга барууну ниет кылгандарга зыярат эрежелери менен кошо Сауд Арабия бийлигинин ажыларга коюлган талаптары да үйрөтүлдү. Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам барат. Зыяраттын баасы 2600 доллар деп эсептелген. (NT)