Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Мектептерди интернет менен камсыздоо тендерине эч ким катышкан жок


Кыргызстандагы 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу министр Элвира Сариева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, буга чейин жайында жарыяланган тендерге катышуу боюнча провайдарлерден арыз түшкөн жок. Бир гана «Кыргызтелеком» акционердик коому арыз берип, бирок кымбат баа сунуштаган. Буга байланыштуу кайрадан сынак өтөрү тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Каалоочулардан арыз кабыл алуунун мөөнөтү 5-сентябрда аяктайт.

Элвира Сариева тендерге көңүлкош мамиле жасап жаткан провайдерлерди Кыргызстандын келечегин ойлоого чакырды.

600 мектепти интернетке туташтыруу үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG