Социалдык өнүктүрүү министрлиги Чүй облусундагы иш базарларын иликтеп, ал жерде орто эсеп менен 600дөн ашуун киши иш сурап турганын аныктаган. Министрликтин маалыматы боюнча, алар таңкы саат 5тен тарта иштешет, бирок кылган ишине алган акчалары аз. Ошондой эле алардын эч кандай укуктары сакталбайт.
Иш базарларды иликтөө эмгекти коргоо программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган программанын максаты эмгекчилердин укугун коргоого багытталган.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 202 миңге чукул жумушсуз адам бар. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүнкү күнү 18,200 жумушчу орду боштугун маалымдаган.(ZKo)