Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

“Арзан турак-жай” коалициясынын жетекчисине кылмыш иши козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Асанов 1 млн 31 миң сомду мыйзамсыз сарптаган деп айыпталууда. Маалыматка ылайык, 29-июль күнү анын үстүнөн Кесиптик кошуундар бирикмеси арыз менен кайрылып, жоопко тартууну өтүнгөн. Арыз ээсинин ырасташынча, Нурлан Асанов өзүнүн автоунааларын кайра эле өзү ижарага алган, ал үчүн ай сайын Кесиптик кошуундар бирикмесинен 1000 доллардан сарптап турган. Ошентип 2013-жылдын сентябрынан бери бирикменин 1 млн 31 миң сом акчасы жок кылынган.

Буга байланыштуу Бишкек ШИИБ Кылмыш кодексинин “Коммерциялык ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле Нурлан Асановго карата Ленин РИИБ тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Нурлан Асанов Бишкектен арзан үй алып берем деп акчаларын алып, бербей койгонун айтып ондон ашуун киши арызданып милицияга кайрылган.

“Арзан турак-жай” коалициясы 27-июлда Бишкекте митинг өткөрүп, элди арзан турак-жай менен камсыз кылууну талап кылган. Акциянын айрым катышуучуларын милиция коомдук тартипти бузду деген себеп менен кармап, төрт активистти бир нече суткага камалган. Алардын катарында Нурлан Асанов да 4 суткага камалган. Айрым маалыматтар боюнча, ал 30-июль күнү Казакстанга чыгып кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG