Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Интернеттин баасы боюнча ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кайрылуу жолдонот


Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Абдисамат Сагымбаев жана мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Чыңгыз Бекташев 16-августта Кыргызстандагы провайдер-ишканалар менен жолугуп, интернеттин баасы тууралуу маселени талкуулады. Жыйындын аягында тараптар бул маселе боюнча ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кайрылууну чечишти.

1-август күнү казакстандык интернет провайдерлер кыргызстандык операторлорго дүйнөлүк желе үчүн тариф кымбаттарын маалымдаган, бирок себебин түшүндүргөн эмес. Кыргызстанга негизги интернет түйүндөрү Казакстан аркылуу гана келет. Эми кыргыз өкмөтү бул маселе ЕАЭБ алкагында кандай чечилерине түшүндүрмө сурамакчы.

Расмий маалыматтар боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда активдүү интернет пайдалануучулардын саны 4 млн 754 601ге жеткен. Жалпы өлкө боюнча калктын 79% интернетке туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.(ZKo)

XS
SM
MD
LG