Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Көчмөндөр оюнуна билет баасы 300 сомдон 3800 сомго чейин болот


Билеттер 3-8-сентябрда өтө турган экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине карата сатылууда. Билетти Бишкек, Ош шаарларындагы катчылыктын расмий сатуу түйүндөрүнөн жана атайын уюлдук тиркеме аркылуу да сатып алууга болот.

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгынан маалымдашкандай, билет баасы ордуна жараша бааланат. Оюндардын ачылыш аземинде – 300 сомдон 3800 сомго чейин, жабылыш аземинде – 300 сомдон 2000 сомго чейин сатылат. Билет алууну каалагандар документ көрсөтүүгө тийиш, анын маалыматтары сүрөтү менен кошо атайын базага киргизилет. Билетте сатып алган кишинин аты-жөнү, сүрөтү жана паспорттук маалыматтары жазылат.

Билетти башка бирөөгө пайдаланууга берүүгө болбойт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG