Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Шойгу: Москва менен Вашингтон Алеппо боюнча бир чечимге жакындап калды


Сергей Шойгу
Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва менен Вашингтон Сириянын Алеппо шаарындагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөк болуучу келишимге жакындап калганын айтууда.

"Кадам сайын биз макулдашууга жакындап келатабыз. Мен Алеппо тууралуу гана айтып жатам. Орток чечим бири-бирибиз менен тил табышып, бул шаарда тынчтыктын орношуна, жай тургундар кайрадан үй-жайына кайтышына шарт түзүү үчүн биргелешкен күрөштү баштоого жардам берет. Биз америкалык кесиптештерибиз менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз" деди Шойгу 15-августта "Россия 24" телеканалына курган маегинде.

Бирок АКШ тарап бир чечимге келүү жакындап калды деген сөздү четке кагууда. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Элизабет Трюдо "Биз орус тарап менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз" деп айтты.

Алепподо согуш тынчыбай жатканына алты жыл болду. (RK)

XS
SM
MD
LG