Түркия прокуратурасы 240 адамдын өмүрүн алган мамлекеттик төңкөрүш аракети деген шек менен бозгундагы оппозициячы Фетхуллах Гүленге 2,5 миң беттен турган айып такты. Жалпысынан ага коюлуп жаткан "конституциялык түзүлүштү күч менен жок кылуу", "куралчан террордук топ түзүү" деген айыптар боюнча 1900 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.
16-июлга караган түнү Түркияда жасалган мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калган. Бул учүн бийлик АКШда жашаган диниятчы Гүленди айыптап келет. Ошондон бери гүленчи деп шектелген 35 миң адам кармалып, 17 миңи камакка алынды. Он миңдеген жаран ишинен айрылды.
Гүлен өзүнө коюлуп жаткан айыптын баарын четке кагып келатат. (RK)