Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Кытайда дүйнөдөгү алгачкы кванттык байланыш спутниги учурулду


Алгачкы кванттык байланыш спутниги учурулду. Кытай, 16-август, 2016-жыл.
Алгачкы кванттык байланыш спутниги учурулду. Кытай, 16-август, 2016-жыл.

Кытай орбитага дүйнөдөгү эң биринчи кванттык байланыш спутнигин чыгарды. Окумуштуулардын айтуусунда, кванттык технология маалыматтын толук корголушун камсыз кылууга жөндөмдүү.

Эксперименталдык спутник бүгүн, 16-августта Кытайдын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Гансу провинциясындагы космодромдон учурулду.

Бул саяктуу технологиянын үстүнөн АКШ, Жапония жана башка мамлекеттер да иштеп келет. Ал маалыматтын купуялыгын, коопсуздугун камсыз кыла алат. Сырттан таасир этүү, маалыматты уурдоо аракети болсо, ал өзүн өзү жок кылууга жөндөмдүү.

Кытай 2030-жылга чейин мындай спутниктердин глобалдык түйүнүн негиздөөнү көздөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG