Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Назарбаев Путинге Порошенко мунасага даяр экенин билдирди


Владимир Путин жана Нурсултан Назарбаев. Сочи, 16.08.2016
Владимир Путин жана Нурсултан Назарбаев. Сочи, 16.08.2016

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын башчысы Петр Порошенко өлкө чыгышындагы жаңжалды токтотуу үчүн мунасага келүүгө даяр болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда айтып, Украинанын мамлекет башчысы менен жакында телефондон сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Назарбаевдин айтуусунда, Порошенко өлкө парламенти "Украинанын орусиячыл жикчилердин көзөмөлүндөгү чыгыш райондорунун статусу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга тоскоолдук кылып жатканын" билдирген.

Путин Назарбаевге Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилени жакшыртууга кошкон ортомчулук салымы үчүн рахмат айтып, соңку кезде төмөндөп кеткен орус-казак товар жүгүртүүсүнүн көлөмү жогоруларына үмүттөнөрүн айтты.

Назарбаев журналисттердун суроолоруна жооп берип жатып жылдын аягына чейин Путин менен кеминде дагы беш жолу жолугарын билдирди. 76 жаштагы казак лидери ушуну менен Орусияга соңку төрт жыл ичинде 19-жолу келиши. (RK)

XS
SM
MD
LG