Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ вице-президенти Түркияга барат


Бинали Йылдырым
Бинали Йылдырым

АКШнын вице-президенти Жо Байден Гүленди мекенине кайтаруу ыктымалдыгын талкуулоо үчүн Түркияга келет. Бул тууралуу түрк премьер-министри Бинали Йылдырым билдирди. Маалыматты Ак үй да тастыктады.

Байден баштаган расмий делегация Түркияга 22-августта барат. Андан кийин түрк тараптын АКШга сапары болот. Октябрь айында Анкарага АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри барат.

Түрк премьер-министринин айтуусунда, америка тараптын Гүлен боюнча кабыл алган чечими эки өлкө ортосундагы мамилеге таасир этет.

16-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасады деп бийлик бозгундагы диниятчы оппозиционер Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Аны менен байланышы бар деген он миңдеген жарандар камакка алынды.

Гүлен өзү бул айыптын баары негизсиз экенин билдирип, эгер анын күнөөсү далилденсе өзү багынып берерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG