Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Украинадагы согушка катышты деген казак жараны соттолууда


Донецк аэропортунан алыс эмес жердеги атышуудан кийинки көрүнүш, 3-март, 2015-жыл
Донецк аэропортунан алыс эмес жердеги атышуудан кийинки көрүнүш, 3-март, 2015-жыл

Казакстандын Актөбө шаарынын сотунда жергиликтүү тургун, Украинанын чыгышындагы согушка катышкан деп айыпталып жаткан М.Ермолаевдин иши карала баштады.

Тергөө материалдарына караганда, ал 2014-жылдын сентябрь айынан 2015-жылдын февралына чейинки мезгил аралыгында Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөргө каршы куралдуу чабуулдарга катышкан деген шек менен кармалган. Ермолаев Казакстандын Кылмыш кодексинин «Чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышуу» деген беренеси боюнча соттолуп жатат.

Ал 2015-жылы мекенине кайтканда колго түшүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG