Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат. Оюндар Кыргызстандын сааты боюнча кечки 7де башталат. 58 килограммга чейинкилер арасындагы күрөштө Тыныбекова биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашат.
16-августта грек-рим күрөшү боюнча балбан Руслан Царев мелдешип, жеңилип калды. Буга чейин кыргызстандык балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов Олимп оюнундагы беттештерин жыйынтыкташкан. Эралиев 59 килограммга чейинки салмакта коло үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп, 5-орунду алган.
Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын 15и күч сынашып бүттү. Бүгүн эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, 20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21инде марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат. Азырынча Кыргызстандын эсебинде оор атлетчи Иззат Артыков алган коло байге гана бар. Олимп оюндары 21-августта аяктайт. (NT)