Бул тууралуу аталган кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Замира Сыдыкова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда Бишкектеги саясий күчтөр менен чогулуу аракеттери жүрүүдө. Ал эми аймактарды кыдыруу маселеси референдум тууралуу Жогорку Кеңештин позициясынан кийин аныкталат:
-Жогорку Кеңештин позициясын күтүп жатабыз. Балким референдум болбой калаттыр, анткени мыйзам кабыл алынбаптыр. Парламенттин чечиминен соң, биздин кадамдарыбыз да анык болот.
Парламенттеги төрт фракция Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыгып, күзүндө референдум өткөрүүнү сунуштаган. Учурда бул маселе коомдук талкууда турат. Ал эми оппозициялык маанайдагы саясатчылар, “Ата Мекен” фракциясы Конституцияны өзгөртүү бийликти узурпациялоого алып келерин ырастап, коомчулукту буга каршы турууга үндөөдө.(ZKo)