Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Бажы кызматынын төрага орун басары пара менен кармалды деген маалымат жокко чыкты


Райымбек Матраимов (солдон экинчи).
Райымбек Матраимов (солдон экинчи).

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов пара алып жатып кармалды деген маалыматтар социалдык тармактарда тараган. Мамлекеттик Бажы кызматы бул маалыматтарды жокко чыгарууда. Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүркановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Райымбек Матраимов тууралуу маалыматтар чындыкка коошпойт.

Мамлекеттик Бажы кызматынын жетекчи орун басары Райымбек Матраимов бул кызматка өткөн жылы 25-августта дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG