Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:30

Казакстандын оор атлетчилери бир жылга эл аралык таймаштардан четтетилет


Казакстандык оор атлетчи Илья Ильин.
Казакстандык оор атлетчи Илья Ильин.

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары аяктаган соң Эл аралык оор атлетика федерациясы Орусиянын, Казакстандын жана Беларустун спортчуларын бир жылга эл аралык таймаштардан четтетет. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазышты. Франц-пресс маалымат агенттиги эл аралык комитеттин башчысы Тамаш Аянга шилтеме жасап, спортчулардын допинг-анализдердин кайталап текшерүүдөн кийин комитет аталган үч өлкөнүн атлетчилерин убактылуу четтетүү чечимин кабыл алганын жазды.

Бул тууралуу токтомду уюмдун жетекчилиги 22-июнда кабыл алган. Анда 2008, 2012-жылдарда спортчулардан алынган анализдерди кайра текшерүүдө кызытма табылса, улуттук федерациялар бир жылга дисквалификацияланары тууралуу жазылган.

Ушул жылдын июнунда 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимп оюндарына медал алган спортчулардын анализдеринен кызытма табылган спортчулардын тизмесин жарыялаган. Алардын арасында Олимпиаданын эки жолку чемпиону Илья Ильин да бар эле. Ошондой эле кызытма Лондондогу оюндарда Казакстандын капчыгына алтын салган оор атлетчи кыздар Светлана Подобедова, Зульфия Чиншанло жана Майя Манезанын да анализдеринен кызытма табылган.

XS
SM
MD
LG