Австралия жана Папуа-Жаңы Гвинея өлкөлөрү Манус аралындагы качкындар лагерин жабууну макулдашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Папуа-Жаңы Гвинеянын премьер-министри Питер О’ Нилге шилтеме берип жазды. Качкындар лагерин жабуу чечими эки өлкөнүн министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынды. Өкмөт башчынын айтымында, лагерди жабуу процесси акырындап ишке ашат. Соңку маалыматтарга ылайык, убактылуу баш калкоо жайында учурда 850дөй адам бар. Алардын бардыгы Австралияга көчүрүлөт.
Австралиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөгө деңиз аркылуу келген качкындар кабыл алынбай, Папуа-Жаңы Гвинея өлкөсүнө караштуу Манус жана Науру аралдарындагы убактылуу кармоочу жайларга жеткирилет. Ал жактан бозгундар текшерүүдөн өтүп, документтерин күтүшөт.
Лагерь 2001-жылы ачылып, 2008-жылы убактылуу жабылып, кайра ачылган.
Укук коргоочулар лагердеги кармоо шарттарын абак менен салыштырып, Австралия бийлигин бул базаны жабууга чакырып келишкен.