Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Чолпон-Атада селден тазалоо иштери жүрүүдө


Чолпон-Атадагы селди тазалоо
Чолпон-Атадагы селди тазалоо

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Тогуз-Булак каналына жакын жердеги селден жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштери уланууда. 60 чакты куткаруучу турак жайларды, тамаркаларды баткактан тазалап, жер төлөлөргө толуп калган сууларды сордурууда. Ошондой эле селдин кесепетинен жабыркаган элге буюм-тайымдарын ташууга жардам берип жатат.

16-август күнү түшкө жуук нөшөрлөгөн жаандан кийин пайда болгон сел Чолпон-Ата шаарын каптаган. Негизинен Тогуз-Булак суусуна жакын жайгашкан үйлөр жабыркаган.

ӨКМдин билдириишнче, селге Тогуз-Булак суусунан ташкындаган суу себеп болгон. Министрликтин маалыматы боюнча, айрым тургундар каналга жакын жерге сарай салып алып, сел агуучу арык казууга уруксат бербей коюшкан.

Учурда сел алып келген чыгымдар эсептелүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG