Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Түркияда дагы эки миңдей полиция кызматкери иштен алынат


Түрк бийликтери 17-июнда жарыялаган эки буйрукка ылайык, бир ай мурда болгон төңкөрүш аракетине катыштыгы бар делген эки миңдей полициячы жана куралдуу күчтөрдүн жүздөгөн өкүлдөрү кызматтан алынат. Ошол эле буйруктардын негизинде Байланыш министрлиги жабылып, Байланыш жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын 200дөй кызматкери иштен четтетилет. Аталган эки буйрук мамлекеттик T.C. Resmi Gazete басылмасынын сайтында жарыяланды.

16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш аракетинен кийин бийлик жапырт тазалоону баштаган. Мунун жыйынтыгында 17 миң адам камалып, 76 миңдей мамлекеттик кызматкер, сот жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кызматынан четтетилди. Бийлик ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет. Гүлен өзү айыптоолорду четке кагып, эгер анын күнөөсү далилденсе, өз ыктыяры менен Түркияга кайтып, колго түшүп берерин айтып келет. Өлкөдө динаятчынын тарапкери делгендерди камоо уланууда.

XS
SM
MD
LG