Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Кылычбек Султанов элчилик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов бул кадамын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылыгы менен байланыштырды. Султанов элчилик кызматтан бошотуу тууралуу арызын президент Алмазбек Атамбаевдин атына жазган.

Ишенимдүү булактардан алынган маалымат боюнча, Кылычбек Султановду жыл башынан бери эле кызматынан кетирүү аракети болуп келе жаткан. Бирок президенттик аппараттан андай аракеттер болгону тууралуу маалымат жок экенин “Азаттыкка” билдиришти.

Кылычбек Султанов 2014-жылы ноябрь айында Малайзияга толук ыйгарымдуу элчи болуп дайындалган. Ага чейин ал Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп турган.

Кылычбек Султанов коомчулукка “Супер инфо” басылмасынын негиздөөчүсү жана ээси катары таанылган, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. “Ата Мекен” партиясы парламенттеги беш фракция кол койгон Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршылыгын билдирип келүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG