Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Баткенде сел жүрдү


Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында 17-август күнү түштөн кийин катуу жааган жаандан кийин болгон сел 100дөй үйдүн жер төлөлөрүнө кирип, 10го жакын үйдү жараксыз кылды. Селден жолдор, арыктар зыян тарткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук акимчиликтен билдиришти.

Учурда аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жарандык коргонуу боюнча атайын топ түзүлүп, изилдөө иштерин баштады. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. (JsA)

XS
SM
MD
LG