Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Кыргызстан снукер боюнча дүйнөлүк таймашка катышууда


Мухаммед Каримберди уулу
Мухаммед Каримберди уулу

Бельгияда өтүп жаткан снукер боюнча 18-21 жаштагылар арасындагы дүйнөлүк таймашка кыргызстандык Каримберди уулу Мухаммед катышууда. 17 жаштагы спортчу кечээ орусиялык Константин Ковиканы 3:2 эсебинде утканын “Азаттыкка” Кыргызстандагы снукер федерациясынын катчысы Шайырбек Маматокторов кабарлады.

Оюндар бүгүн да уланууда. Кыргызстандык спортчу англиялык Адам Мюррей менен беттешет.

Таймашка 40тан ашуун мамлекет катышууда, күчтүүлөрү Гонконг, Индия, Англия дейт Маматокторов:

- Мелдеш өтө жогору деңгээлде уюштурулуптур. 18 стол, кенен арена. Европалык каналдар көрсөтүп жатат. Бүт өлкөлөр биздин ак калпак, биздин мамлекет туурасында көп суроолорду берип жатышат.

Маматокторовдун айтуусунда, Эл аралык бильярд жана снукер федерациясы (IBSF) Кыргызстанды толугу бойдон тааныды. (RK)

XS
SM
MD
LG