Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Байден: АКШ Косово элин колдойт


АКШнын вице-президенти Жо Байден жана Косовонун президенти Хашим Тачи.
АКШнын вице-президенти Жо Байден жана Косовонун президенти Хашим Тачи.

АКШ вице-президенти Жо Байден АКШ Косово эли менен ар дайым бир болорун убада кылды. Ал “бул аймактын өнүгүшү өзүңөрдүн аракетиңерден” деп кошумчалады. Байден бул сөздү 17-августта Косовонун баш калаасы Приштинада өлкө президенти Хашим Тачи жана премьер-министр Иса Мустафа менен жолуккан соң айтты.

Байден Косово бйиликтерин Сербия менен алаканы жакшыртуу үчүн Евробиримдиктин ортомчулугунда бардык аракетти көрүүгө чакырды. Ал ошондой эле келечекте “демократиялуу, көп улуттуу Косовону” Евробиримдикке мүчө өлкө катары көрүүгө үмүттөнөрүн белгиледи.

Байден ушундай эле сүйлөшүүлөрдү Сербияда да өткөргөн. Косово 2008-жылы бир тараптуу Сербиядан бөлүнүп, көз карандысыздык жарыялап алган. Сербия жана башка бир катар өлкөлөр Косовонун төбөлсүздүгүн расмий тааный элек.

XS
SM
MD
LG