Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн беттеште утулду


Айсулуу Тыныбекова менен финляндиялык Петра Оллинин чейрек финалдагы таймашы.
Айсулуу Тыныбекова менен финляндиялык Петра Оллинин чейрек финалдагы таймашы.

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 18-августка караган түнү коло байге үчүн таймашта индиялык Малик Сакшиге утулуп калды.

58 килограммга чейинкилер арасындагы күч сынашкан Тыныбекова таймаштарын 1/8 финалдан баштаган. Бул беттеште бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып, 11:8 эсебинде жеңди. Чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси, финляндиялык Петра Олли менен таймашып, 14:7 эсебинде утуп алды.
Жарым финалда орусиялык Валерия Коблова менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн таймаштан четтеген. Коло байге үчүн күрөштө индиялык Малик Сакши менен таймашты. Биринчи айлампада Тыныбекова 5 упай алып алдыга чыккан. Экинчи айлампада индиялык балбан кыз 8 упай топтоп, 8:5 эсебинде жеңишке жетти. Сакши 2015-жылы Дохода өткөн Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып байгесиз кайткан.

Бул салмакта жапониялык Каори Ичо чемпион болду. Ал ушуну менен төртүнчү жолу Олимп оюндарынын алтын медалын тагынды. 10 жолу дүйнөнүн, төрт жолу Азиянын чемпиондугун да уткан. Күмүш байгени орусиялык Валерия Коблова алды. Дагы бир коло медал тунистик Марва Амриге буюрду.

Тыныбекова жеңилүү менен 5-орунга ээ болуп калды. Ал жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону. Ошондой эле Азия чемпиондугунун эки күмүш жана бир коло байгеси да Тыныбековага таандык. 2012-жылдагы Лондон Олимпиадасына катышып 14-орунду алган. Ошол жылы 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталып, иши сотко өтүп, үч айга жакын убакытка созулган соттук териштирүүлөр машыгуулардан алагды кылган.

Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XXXI Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган. Бүгүнкү күндө 16 спортчу мелдештерин жыйынтыктады. Алардын арасынан оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен кайтты.

20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21-августта марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат.

XS
SM
MD
LG